Корумдуда үчүнчү альпинистти издөө иштери токтотулду
Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон үчүнчү альпинист Николай Свиридовду издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу 15-сентябрда издөө иштеринин башчысы Александр Смирнов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Альпинистти издөө бир жарым айга жакын убакытка созулган. Бул аралыкта дрондор, спутниктен тартылган сүрөттөр жана башка ыкмалар колдонулган. Акыркы 4 күндө Корумдудагы кырсык болгон аймактын кырка тоолору, капталдары тартылып, изилденген. Бирок Николайдын изи табылган эмес.
Издөө тобунан маалымдашкандай, ал кар көчкүнүн алдында же тоодогу жаракалардын биринде калышы мүмкүн. Альпинистти издөө иштери кайра улантылбайт.
Эске салсак, 1-августта үч альпинист Корумду чокусуна көтөрүлүп, 2-августта акыркы жолу байланышка чыгышкан. 24-августта издөө тобу дайынсыз болгон эки адамды таап, 25-августта альпинисттердин сөөгү тик учак менен тоодон түшүрүлгөн. 26-августта аба ырайынын татаал шартына байланыштуу Николай Свиридовду издөө убактылуу токтотулган. 12-сентябрда альпинистти издөө иштеринин үчүнчү этабы башталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















