Бишкекте 18 жаштагы кыз синтетикалык баңгизат менен кармалды (видео)
Бишкек шаарында 18 жаштагы кыз "мефедрон" синтетикалык баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу 16-сентябрда Бажы кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, алынган баңгизаттын партиясын мыйзамсыз саткан учурда бул ишке тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз кирешеси 10 миллион сомдон ашмак.
Аталган факт боюнча баңгизаттын келип чыгуу булагын, аны мыйзамсыз ташып келүү каналдарын, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бишкекте 18 жаштагы кыз синтетикалык баңгизат менен кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















