super.kg logo

Таласта электробустар келерки жумадан тарта толук каттамга чыгат (видео)

 
Талас шаарында электробустар келерки жумадан тарта толук каттамга чыга баштайт. Бул тууралуу 15-сентябрда мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда электробустар Кырк-Казык, Жон-Арык, Көк-Ой, Орто-Арык “Манас Ордо” багыттарына, ошондой эле шаар ичиндеги айрым көчөлөр аркылуу каттамдарды аткарууда.
Жол кире акысы шаар ичинде 20 сом, Жон-Арык багытына 25 сом, Кырк-Казыкка 30 сом, ал эми “Манас Ордо” жана Орто-Арык айылына 40 сомду түзүүдө.
Белгилей кетсек, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас шаарына 30 электробустун ачкычтары тапшырылган.






Таласта электробустар келерки жумадан тарта толук каттамга чыгат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: