super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ош-Эркечтам жолунда тыгын күчөгөнүн айтты (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов 16-сентябрдагы парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Ош-Эркечтам унаа жолундагы тыгын көйгөйүн көтөрдү.

Депутат тыгын боюнча жарандардан кайрылуулар байма-бай келип жатканын айтып, маселени чечүү жолдоруна кызыкты. "Алайга 50 мүнөттө жете турган жерге азыр 3 сааттык жол болуп жатат. Маселени кандай чечсе болот?",- деди депутат.

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев аталган унаа жолдо акыркы жылдары тыгын көбөйүп, коопсуздук жагынан да маселе бар экенин белгиледи.

Айтымында, Оштон Каратайга чейин 25 чакырым жол жасоо боюнча долбоор даярдалды. Биринчи этапта жол төрт тилкеге кеңейтилип, ортосуна тосмо коюлат. Кийинки этапта күзүндө Гүлчөгө чейинки жолду төрт тилкелүү кылып жасоо мерчемделүүдө.

Аталган иштер келерки жылы башталат.






Ош-Эркечтам жолунда тыгын күчөдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: