super.kg logo

Бүгүн "Бишкек Аренадагы" концертке шаттл-автобустар каттайт (даректери)

 
Бүгүн, 18-сентябрда "Бишкек Арена" стадионунда белгилүү америкалык ырчы Akon'дун катышуусунда концерт өтөт. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы стадионго чейин шаттл-автобустарды уюштурду.
Шаттл-автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин шаардын беш жеринен каттайт:
  • №1 шаттл-автобус: Асанбай кичирайону (Токомбаев көчөсү, 3/7) – "Бишкек Арена";
  • №2 шаттл-автобус: Матиев көчөсү (Алтымышов көчөсү, 98/1) – "Бишкек Арена";
  • №3 шаттл-автобус: Жаштар кварталы (Малдыбаев көчөсү, 275/Б) – "Бишкек Арена";
  • №4 шаттл-автобус: Тимур Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) – "Бишкек Арена";
  • №5 шаттл-автобус: "Ынтымак" паркы – "Бишкек Арена".
Көрүүчүлөрдү жеткирүүнү уюштуруу үчүн 250 шаттл-автобус тартылат. Концерттик программа аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү да уюштурулат.
Ошол эле учурда 18-сентябрда шаардык коомдук транспорт штаттык режимде иштейт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: