super.kg logo
  Саясат  

Президент окуучулардын китептери үчүн кошумча 7 миллиард сом бөлө турган болду

 

Президент Садыр Жапаров мектептердеги китеп жетишсиздигин жоюу үчүн кошумча 7 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, мурда бул багытка жылына орточо 100 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келсе, акыркы эки жылда эле 1,3 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
"Акыркы эки жылда каржылоо бир нече эсеге көбөйтүлүп, 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп чыгарылды. Бирок мунун өзү да жетишсиз болуп чыкты. Анткени мамлекет үчүн канча миллиард сом бөлүнгөнү же канча миллион китеп басылганы эмес, ар бир окуучунун колуна керектүү китептин жеткени маанилүү. Эгер ата-эне баласына китеп издеп базар аралап жүрсө, демек иш толук аткарылган жок.
Мындан тышкары, өлкө азыр 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатат. Окуу программалары, стандарттар жана китептер жаңыланууда. Мындай чоң реформа бүгүн белгилүү бир ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн. Бирок анын максаты балдарыбыз эртең заман талабына жооп берген сапаттуу билим алышы үчүн билим берүү системасын бүгүнтөн жаңылоо. Ошол эле учурда реформаны китеп жетишсиздигине шылтоо кылууга эч кимдин акысы жок.
Окуучулардын саны да жыл сайын өсүп жатат. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз үй-бүлөлөрү менен кайтып келип, балдары биздин мектептерде билим алып жатканы кубандырат.
Бирок муну да китеп жетишсиздигинин себеби катары көрсөтүүгө болбойт. Тиешелүү жетекчилер окуучулардын санындагы өзгөрүүнү алдын ала эсептеп, керектөөнү ошого жараша пландашы керек.
Ошондуктан президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 миллиард сом бөлүү чечимин кабыл алды. Каражат маселеси чечилди. Эми жооптуу жетекчилер кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтүшү керек",- деди ал.
Алагөзов "Учкун" ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жетишсиз болсо, өлкөдөгү талапка жооп берген башка басмаканаларды да ишке тартуу зарылдыгын белгиледи.
"Агартуу министрлиги мындан ары жалпы сандар менен гана отчет бербеши керек. Ар бир мектеп боюнча кайсы предметтен канча китеп берилгени, канчасы жетишпей жатканы жана жетишпеген китептер качан басылып, качан жеткирилери тууралуу маалымат министрликтин сайтында ачык жарыялануусу зарыл.
Ар бир ата-эне өз баласы окуган мектепте кайсы китептен канча нуска жетпей жатканын жана ал качан келерин билиши керек.
Мамлекеттик мектептердин окуучуларына бекер жетиши керек болгон китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча да текшерүү башталды. Канча китеп басылды, ким кабыл алды, кайда жөнөтүлдү, кайсы мектепке канчасы жетти жана мектепке жетиши керек болгон китеп базарга кантип чыгып кетти деген суроолордун ар бирине так жооп берилиши керек. Баары документтер менен текшерилип, күнөөлүүлөр сөзсүз жооп берет", - деп билдирди Алагөзов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: