Таласта каза болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө Бишкектен батир берилди
Талас облусунда сууга аккан баланы издөө маалында каза болгон куткаруучу-суучул Аскар Казыбековдун үй-бүлөсүнө Бишкектен батир берилди. Турак жайдын документтерин жана ачкычын 18-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.

Касымалиев курман болгон куткаруучунун жубайы Самара Равшан кызына жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, мамлекет анын үй-бүлөсүнө зарыл болгон колдоону көрсөтөрүн белгиледи.
Курман болгон кызматкердин жеке турак жайы жок болгондуктан, Аскар Казыбековдун үй-бүлөсүнө социалдык колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн каражат бөлүндү.
Казыбеков ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун (Суучулдук кызмат) терең сууга түшүүчү куткаруучу-суучулдар станциясынын башчысы кызматын аркалап келген. Ал 2026-жылдын 27-июнунда Талас облусунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон.

Президенттин жарлыгы менен маркум лейтенант «Эрдик» ордени менен сыйланган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















