super.kg logo
  Саясат  

Гүлшан Конушаева Улуттук консерваториянын ректору болуп дайындалды

 
Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп Гүлшан Конушаева дайындалды. Бул тууралуу 19-сентябрда Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы ректорду эмгек жамаатына маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана илим, министринин орун басары Кубатбек уулу Нарынбек тааныштырды.
Өмүр баяны:
Гүлшан Конушева 1978-жылдын 25-июнунда Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында туулган.
1996-жылы П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы Борбордук орто атайын музыкалык мектепти аяктаган. 2003-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын аспаптык аткаруучулук адистиги боюнча бүтүргөн. 2005–2007-жылдары аталган консерваторияда ассистент-стажёр катары билимин өркүндөткөн.
Эмгек жолун 2003-жылы Чүй облусунун Беловодское айылындагы М. Рыскулбеков атындагы балдар искусство мектебинде фортепиано классынын окутуучусу болуп баштаган. 2006-жылдан тартып Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында концертмейстер болуп эмгектенген.
2014-жылы конкурс аркылуу «Атайын фортепиано» кафедрасынын улук окутуучусу болуп дайындалып, 2015-жылы аталган кафедранын башчысы, доцент болуп шайланган.
2021-жылдын ноябрынан 2024-жылдын октябрына чейин Казакстандын Астана шаарындагы Мамлекеттик опера жана балет театрынын опералык труппасында концертмейстер болуп иштеген.
2024-жылдын ноябрынан тартып Орусиянын Владивосток шаарындагы Мариинский театрынын Приморье филиалынын опералык труппасында концертмейстер болуп эмгектенип келген.
Ал «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, өлкө президентинин «Алтын Шаты» стипендиясы жана башка сыйлыктар менен сыйланган. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти ардактуу наамына ээ болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: