Футбол боюнча кыздар курамасы CAFA чемпиону болду
Кыргызстандын U-17 кыздар курама командасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын CAFA U-17 Women’s Championship эл аралык мелдешинде жеңишке жетишти.
Кыргыз футбол союзу билдиргендей, мелдеш 19-сентябрда Ташкентте өткөн.
Жыйынтыктоочу турда курама Тажикстанга каршы кез келип, 2-0 эсебинде алдыга чыкты.
Белгилесек, бул мелдешке Кыргызстан менен Ирандан сырткары Тажикстан жана Өзбекстан курама командалары катышты.
Буга чейинки эки турда курама 2-1 эсебинде Иранды жеңген жана 0-0 эсеби менен Өзбекстан менен тең чыккан. Ошентип, команда 7 упай менен (Иран - 6 упай, Өзбекстан - 4 упай, Тажикстан - 0 упай) турнирдик жадыбалдын сап башына чыкты.
Муну менен курама Кыргызстан курама командалардын тарыхында Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын алгачкы алтын медалдарын жеңди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















