super.kg logo
  Спорт  

Бишкектик спортчулар Ысык-Көлдөгү эл аралык спорт оюндарында байгелүү орундарга ээ болушту

 

Бишкек шаарынын спортчулары жана спорт мектептеринин тарбиялануучулары XXV Эл аралык Ысык-Көл спорт оюндарына катышып, бир катар спорт түрлөрү боюнча байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Кытайдан келген спортчулар катышты. Спорт оюндары Ысык-Көл облусунда өттү.

Волейбол боюнча Бишкек шаарынын «Бишкек ИИМ Ички аскерлери» курама командасы биринчи орунду ээледи.

Сууда сүзүү боюнча «Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары өзгөчө ийгилик көрсөтүштү. Павел Гончар 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль, Милена Сурина 2 алтын жана 2 коло медаль, Ксения Безбожнова 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль жеңди. Дарья Исламова 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду.

Мындан тышкары, Рамазан Ибрагимов 5 алтын медаль, София Петрашова 4 алтын жана 1 күмүш медаль, Виталий Мироненко 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңишти. Даткайым Талапкерова, Дастан Анарбеков жана Атай Тажиев да байгелүү орундарга ээ болушту. 2013-жылы туулган Айдин Янг 50 метрге чалкасынан сүзүүдө алтын, аралаш эстафетада күмүш медаль тагынды.

Жеңил атлетика боюнча С.Жуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн спортчулары да ийгиликтүү чыгышты. 60 метрлик эстафетада Тимур Исаков, Руслан Литовский, Алия Самаркул кызы жана Эмилия Сулеймановадан турган команда экинчи орунду ээледи.

Жеке мелдештерде Тимур Исаков 60 метрге чуркоодо экинчи орунду, Алия Самаркул кызы экинчи, Айбике Даникеева үчүнчү орунду ээлешти. 3000 метрге чуркоодо Самат Казакбаев экинчи орунду, 1000 метрге чуркоодо Анастасия Ротарь биринчи орунду ээледи.

Окту төмөн жактан түртүп ыргытуу боюнча Дмитрий Назаров менен Тимур Исаков биринчи, Аскар Буржуев экинчи орунду алды. Узундукка секирүүдө Дмитрий Назаров биринчи, Алия Самаркул кызы үчүнчү орунду ээледи.

Теннис, паралимпиадалык спорт жана күч спорттору боюнча да Бишкектик спортчулар байгелүү орундарга жетишти. Акжолтой Токбаева биринчи, Анара Жумабаева экинчи, Жанара Табылдиева үчүнчү орунду ээледи. Жуптук мелдеште Анара Жумабаева менен Бегимай Искарбекова биринчи, Жанара Табылдиева менен Акжолтой Токбаева экинчи орунду камсыз кылышты.

Пляждык самбо боюнча «Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн өкүлдөрү 5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль жеңишти. Биринчи орундарды Арсен Шамшыбеков, Азат Аманбеков, Улара Карыпбекова, Аида Асанбекова жана Акак Үсөн кызы ээлешти. Умар Сарыев күмүш медаль тагынса, Аделина Бакасова, Асемай Калчабаева жана Акылай Турганбаева коло медалга ээ болушту.

Пляждык күрөштө Азамат Даирбеков экинчи, Кубат Азизбаев үчүнчү орунду ээледи.

Дартс боюнча Даанышман Жумабай уулу жеке эсепте экинчи, аралаш жуптук мелдеште үчүнчү орунду алды. Алла Чернышова жеке эсепте биринчи орунду ээледи.

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти спортчуларды жана спорт мектептерин колдоону улантып, алардын шаардык, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуусу үчүн шарттарды түзүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: