Азия оюндарына Париждеги Олимпиададан да көп спортчу катталды
Япониянын Нагоя шаарында өтө турган Азия оюндарына 11 миңден ашуун спортчу катышуу үчүн катталды. Бул 2024-жылы Парижде өткөн Жайкы олимпиадага катышкан 10 миң 700 спортчудан көп. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Азия оюндарына катыша турган спортчулар менен өкүлдөрдүн саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Азия оюндары быйыл 20-жолу өтүп, мелдешке 45 өлкө катышат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан Азия оюндарына 32 спорттун түрү боюнча 170 спортчу катышат. Мелдеш 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:22
2026-09-15
12:01
2026-09-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















