super.kg logo
  Спорт  

19 секундда жеңишке жеткен кыргыз мушкер Дана Уайтты таң калтырды (видео)

 

Кыргызстандык мушкер Акбар Абдуллаев UFC президенти Дана Уайттын талапкерлер сериясындагы беттешинде бразилиялык Эднилсон Сантос менен күч сынашып, атаандашын 19 секундда нокаутка учуратты.

Бул жеңиштен кийин Абдуллаевдин профессионалдык рекорду 14-0 болду. Мушкер 14 беттешинин баарын мөөнөтүнөн мурда аяктаган.

Сантос бул беттешке UFC'нин мурдагы эки салмактагы чемпиону Алекс Перейранын командасы менен чыккан. Бразилиялык мушкер жаракат алган америкалык Энтони Фигуэроаны алмаштырган.

Абдуллаевдин жеңишинен кийин UFC президенти Дана Уайт анын көрсөткүчүнө жогору баа берип, мушкерди шоу тарыхындагы "эң чоң таланттардын бири" деп атады.

Эми 28 жаштагы кыргызстандык мушкер карьерасын UFC'де улантат.

Эскерте кетсек, 28 жаштагы Акбар Абдуллаев Ош облусунун Мады айылында төрөлгөн. Ал 3-4 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кеткен. Ал жактан муай-тай жана кикбоксинг менен машыккан.






Кыргызстандык Акбар Абдуллаев Эднилсон Сантосту нокаут менен жеңип алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: