Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасында мунай кампаларын куруу пландалууда
Кечээ, 23-сентябрда Кытайдын Пекин шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында мунай жана газ боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган кытайлык “CNPC” жана “Sinopec” корпорацияларынын жетекчилери менен жолукту.
Анда Акунбеков Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Дай Хоулян, ошондой эле Кытай мунай жана химиялык корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хоу Цицзюн менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, кендерди чалгындоо жана иштетүү, ошондой эле Кыргызстан менен Кытай мамлекеттик чек арасынын ортосунда мунай продуктуларын өткөрүүчү куурду куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүлдү.
Учурда Кыргызстанда мунай менен иш жүргүзгөн компаниялар кытайлык “CNPC” жана “Sinopec” корпорациялары менен келишимдерди түзүп Кыргызстанга мунай продуктулары үзгүлтүксүз жеткирилүүдө. Кытай корпорациялары менен кыргыз компаниялары ортосунда дагы жаңы келишимдерди түзүү үчүн бул жолку кыргыз делегация курамына да кошулду.
Мындан тышкары, логистикалык чыгымдарды азайтуу максатында Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү бекеттеринин жанында мунай кампаларын (базаларын) куруунун мүмкүнчүлүгү каралып жатканы айтылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















