Чет элдик туристтерге Жогорку Кеңешке экскурсия уюштурулат
Чет өлкөлүк туристтер үчүн Жогорку Кеңеште аптасына бир жолу тааныштыруу саякаттары уюштурулат. Бул тууралуу 28-сентябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы жылдары чет өлкөлүк жарандардын кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусу артып, таанышуу өтүнүчтөрү көбөйүп жаткандыгына байланыштуу төрага Марлен Маматалиев бул маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Ага ылайык, аптасына бир жолу уюштурула турган экскурсиялык программанын алкагында туристтерге музейге жана жыйындар залдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү пландалууда. Мындан тышкары, атайын сувенирдик бурч уюштурулуп, меймандар андан парламенттин сувенирдик продукцияларын сатып ала алышат.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке Кыргыз жарандары белгиленген талаптарды жана кирүү тартибин сактоо менен жуманын беш жумушчу күнүндө тең кире алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео