Орунбеков таштанды полигонундагы өрт боюнча коомчулукка кайрылды
Айтымында, акыркы жылдары полигондогу өрт толук өчүрүлүп, үстү топурак менен жабылып, аймак жашылдандырылган.
"Андан соң таштандыларды кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн заманбап завод курулуп ишке кирди. Бирок бүгүн түн ичинде мурдагы полигондун топурак менен жабылып, жашылдандырылган аймагында өрт чыкты. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, ал жерге кимдир бирөөлөр дөңгөлөктөрдү алып барып, бир нече жерден атайын өрт коюшкан. Өрт түнкү саат экилер чамасында толук өчүрүлдү",- деди ал.
Ошондой эле ал бул окуя атайын уюштурулган чагым болушу мүмкүндүгүн айтып, коомчулукту мамлекеттин жана коомдун мүлкүнө зыян келтире турган аракеттерден алыс болууга чакырды.
Бул факт боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштады.
Орунбеков таштанды полигонунда өрт боюнча айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















