super.kg logo

Ош аэропортунда 25 миң чарчы метрлик жаңы аэробекет курулууда 

 

Ош эл аралык аэропортунда аянты 25 миң 443 чарчы метр болгон жаңы аэробекеттин курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу 29-сентябрда Курулуш министрлиги билдирди.

Жаңы аэробекет комплекси эки кабаттан жана жер төлөдөн турат. Ошондой эле 650 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай каралган. Комплекс жылына 5 миллиондон ашык, ал эми саатына 900 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкталган.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев объектти жеринен көрүп, тиешелүү жетекчилерге иштерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу жана ыкчам жүргүзүү боюнча тапшырма берди.

Белгилей кетсек, Ош эл аралык аэропорту 1974-жылы курулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: