super.kg logo

Бишкекте орусиялык окуу жайлардын көргөзмөсү өтөт 

 

Борбор калаада 2-октябрда III Орусия- Кыргыз билим берүү форумунун алкагында орусиялык жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү өтөт.

Ал жерде абитуриенттер жана алардын ата-энелери орусиялык ЖОЖдордун кызматкерлери менен түздөн-түз баарлашып, окуу программалары, даярдоо багыттарын жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу толук маалымат ала алышат.

Бул көргөзмөгө Москва, Санкт-Петербург, Самара, Астрахань, Томск, Уфа, Кострома жана Орусиянын башка шаарларынан инженердик, IT, медициналык, агрардык, транспорттук багыттагы университеттер катышат.

Ошондой эле орусиялык ЖОЖдорго тапшыруу маселелери боюнча кеңеш берилет.

Аталган иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин КРСУнун башкы корпусунда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: