super.kg logo

17 000 сом айлык алган мугалим кантип маркетплейсте өз брендин ачты

 

Ош облусундагы мугалимдиктен өз брендин түптөгөнгө чейин: Гульмира Абдивахапованын Ozon Кыргызстандагы окуясы. Өзүнүн бизнесинин аркасында ал үй жана унаа сатып алган, ал эми азыр анын эки кызы Кытайда билим алып жатышат. Бирок бул жетишкендиктерди акыркы чек деп эсептебейт.

Бир кезде Гульмира Абдивахапова Ош облусунун айылында орус тилинен сабак берип, айына 17 000 сом маяна алчу. Айылда интернет начар тартканы менен, ал онлайн иштеп киреше табуунун жолун издей баштаган.

Бүгүн Гульмира Ozon Кыргызстан маркетплейсинде G star брендин өнүктүрүп жатат. Ал жоолуктарды, хиджабдарды жана аксессуарларды сатат. Учурда анын өз командасы да бар. Бир кезде алгачкы үч буйрутмага кубанган ишкердин кийин бир күндө 800 даана товары буйрутмаланган учур да болгон.

Компьютерден иштөө кыялынан алгачкы заказдарга чейин

Гульмира кесиби боюнча мугалим. Беш жылдай орус тилинен сабак берген. Ошол мезгилде анын үй-бүлөсү Ош облусундагы айылда жашачу. Онлайн иштөө жөнүндө уккандан кийин, ал бул мүмкүнчүлүктү өз алдынча изилдей баштаган.

«Эртең менен туруп компьютерди ачсам эле товарлар сатылып, акча түшүп турса деп элестетчүмүн. Ошондо бул мага жомоктой сезилчү»

Алгач онлайн иштөөнү үйрөткөн курска Гульмира 200 доллар төлөйт, бирок күткөн натыйжасын ала албайт. Кийин Гульмира Ozon Кыргызстан тууралуу билип, бул платформада иштеп көрүүнү чечкен.

Ozon Кыргызстандагы биринчи товар жана үй-бүлөнүн колдоосу

2022-жылы Гульмира Ozon ЕКыргызстанда сатууну баштаган. Алгач Кара-Суу базарынан алып келген жилеттерди сунуштайт. Товарды тандоодо азыркыдай терең анализ жүргүзгөн эмес: сатып алуучуларга жагышы мүмкүн деп ойлогон нерселерди сынап көргөн.

Башында жолдошу да ноутбук менен үйдөн иштеп акча табууга күмөн санаган. Реалдуу заказдарды жана жыйынтыктарды көргөндөн кийин аны активдүү колдой баштаган.

«Жолдошум башында “үйдө ноутбук менен отуруп кантип акча табасың?” деп ишенчү эмес. Натыйжа чыга баштагандан кийин колдоосу аябай күчтүү болду»

Каталар аркылуу топтолгон тажрыйба

Гульмиранын айтымында, баштап жаткандагы эң чоң кыйынчылык тажрыйбанын жоктугу эле. Ал мурда соода кылган эмес. Бир жолу жилеттердин өлчөмдөрүн туура эмес киргизип алган: жеткирүүчү менен маалыматты тактоо кыйын болуп, товар карточкаларындагы өлчөмдөр туура келбей калган. Кардарлардын пикирлеринен кийин мүчүлүштүктүн себебин таап, маалыматты оңдогон.

Логистикадагы дагы бир ката 700 даанадан ашык товарга таасир этип, 44 миң сом айыпка алып келген. Гульмира ошол күнү аябай капаланганын эстейт. Ыйлап жатканын көргөн кичинекей кызы өзүнүн акча чогулткан банкасын алып келип берген. Бул окуя анын эсинде калган.

«Шашпаш керек. Алгач ойлонуп, анализдеп туруп ишти баштоо зарыл. Бирок чечим кабыл алып, баштагандан кийин ортодон кайтып кетпеш керек»

Жилеттерден жоолуктарга

Кийин Гульмира хиджаб жана жоолук сатууну сынайт. Бул категория Gmir брендинин негизги багытына айланган. Жоолуктарды түрдүү түстө жана өлчөмдө сунуштайт; айрымдарын майрамга же белекке да сатып алышат.

Гульмиранын эсебинде ассортиментте түстөрү жана башка варианттары менен кошо 233 позиция бар. Алардын ичинен 16 товарды бестселлер деп атайт. Жаңы товар тандаганда суроо-талапты, атаандаштардын баасын жана сапатын салыштырат. Аналитикалык программаларды, товар карточкаларын даярдоочу куралдарды жана жасалма интеллектти да колдонот.

Күнүмдүк иш жана кардарлардын пикири

Азыр Гульмира көбүнчө FBO модели менен иштейт: товарды алдын ала Ozon Кыргызстан кампасына жөнөтөт, заказды маркетплейс жеткирет. Эки кызматкери товарларды даярдап, этикеткаларды чаптап, жөнөтүүгө жардам берет.

Кардарлардын пикирлерин Гульмира кунт коюп окуйт. Анын айтымында, сатып алуучулар материалдын жана тигиштин сапатына көңүл бурушат. Жакшы пикирлер ага ишин улантууга дем берет.

Биринчи үч заказдан күнүнө 800 даанага чейин

Биринчи үч заказ түшкөн күн үй-бүлө үчүн чоң кубаныч болгон. Кийин сатуунун көлөмү өскөн. Гульмиранын айтымында, эң кызуу күндөрдүн биринде 800 даана товарга заказ түшкөн.

Заказдардын көбү Москва шаарына жана Москва облусуна жөнөтүлөт. Платформа суроо-талапты карап, товарды кампаларына бөлүштүрүүгө жардам берет. Гульмира үчүн жөнөтүү, кампага кабыл алуу жана сатуу жөнүндө билдирүүлөрдүн өз убагында келип турушу маанилүү.

Мугалимдиктен ишкердикке

Ишкердик Гульмиранын чечим кабыл алуу ыкмасын өзгөрткөн. Ал азыр жаңы товарды сатып алардан мурун маалыматтарды карап, чыгымдарды эсептөөгө көбүрөөк убакыт бөлөт. Өзүнө болгон ишеними да өскөнүн айтат.

Гульмира үй жана унаа алганын, эки кызы учурда Кытайда билим алып жатканын айтып берген. Бирок бул жетишкендиктерди акыркы чек деп эсептебейт. Ал жаңы товар категорияларын жана Кыргызстандан чыккан азыктарды маркетплейстерде сатуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жүрөт. Алайдын сары майы менен куруту анын ойлонуп жаткан мисалдарынын арасында.

«Мен дагы көп нерсеге жете элекмин. Ар бир нерсе ишке ашат деп ишенем»

Жаңы баштагандарга Гульмира шашпай үйрөнүүнү, товарды анализдеп тандоону жана алгачкы кыйынчылыктан кийин токтоп калбоону сунуштайт. Бир кезде айылдагы начар интернет менен компьютер аркылуу соода кылууну кыялданган мугалим үчүн бул бүгүн күнүмдүк ишке айланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: