Депутат мандаты боюнча маселе көтөрүлгөн кесиптеши күнөөсүз экенин айтты (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев кесиптеши Айсаракан Абдибаева педофилдерге жеңилдик берүү боюнча сунуш айтпаганын билдирди.
"154, 157-беренелер боюнча комитеттеги талкууга катышкам. Ал жакта эч кандай педофилдерге жеңилдиктерди берүү маселеси каралган эмес. Абдибаева тарабынан дагы андай сөз айтылган эмес. Негизи ата-энелердин кайрылуусунан улам күнөөсүз камалып кеткен балдар жөнүндө сөз болуп жатат",- деди эл өкүлү бүгүн, 7-октябрдагы парламент жыйынында.
Айта кетсек, интернет желесинде Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууга кол чогултуу жүрүп жатат.
Депутат мандат маселеси көтөрүлгөн кесиптеши күнөөсүз экенин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-11-02
13:54
2026-11-02
13:38
2026-11-02
9:59
2026-11-02
18:02
2026-10-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















