super.kg logo
  Саясат  

Мандаты боюнча маселе көтөрүлгөн депутат УКМКга кайрылганын айтты

 

Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсаракан Абдибаева көтөргөн маселеси башка нукка бурулуп кеткенин айтып, буга кызыкдар болгон тараптарды аныктоо боюнча УКМКга кайрылганын билдирди.

Эл өкүлү май айында ага Укук коргоо коомдук бирикмеси зордук-зомбулукка каршы кабыл алынган мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча кайрылганын белгиледи. Андыктан аталган маселени комитетте карап көрүү сунушталган. Депутаттын айтымында, коомдук бирикме бул боюнча президентке, Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага жана ИИМге да кайрылган.

"29-сентябрдагы комитеттин отурумунда укук коргоо органдарына күнөөсү далилденбесе, жазасын жеңилдетүү жагын караштырсак болобу деген жүйө менен кайрылгам. Бул жерде педофилге жазаны жеңилдетүү же пробация берүү жөнүндө сөз болгон эмес. Бул сөз кандай адамдар тарабынан бурмаланып, интернет желесине таркатылганы белгилүү. Андыктан жалган маалымат таратып, эл өкүлүнө каралоо жүргүзгөн топтордун артында кимдер турарын аныктоо үчүн УКМКга менден эле эмес, эки коомдук бирикме тарабынан да арыздар берилди",- деди Абдибаева.

Айта кетсек, интернет желесинде Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууга кол чогултуу жүрүп жатат.








Мандат маселеси көтөрүлгөн депутат УКМКга кайрылганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: