super.kg logo

Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт 

 

Эртең, 13-октябрда Бишкек шаарынын айрым аймактарында суу берүү убактылуу тоутотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объекттеринде, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өнөр жай багытындагы башка объекттерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Алыкулов көчөсү – Костанай көчөсү – Муром көчөсү – Садыгалиев көчөсү – Шабдан Баатыр – "Coca-Cola" аймагы;

Садыгалиев көчөсү – Чүй проспекти – Лумумба көчөсү – Волков көчөсү – Костанай көчөсү, андан ары Алимжан-Ата көчөсү – Чоң Чүй каналы (БЧК) – Ленская көчөсү – Космонавттар көчөсү – Коммунаров көчөсү – Чоң Чүй каналы – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов көчөсү – Чүй проспекти – Пишпек көчөсү – Жамгырчинов көчөсү – Кайназарова көчөсү – Гатчина көчөсүнө бурулуш – Лумумба көчөсү – Жамгырчинов көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнө чейин;
Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер конушу, 110-квартал жана Достук кичи району.

Өчүрүүнүн себеби "Западный" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу экени кошумчаланды. Мэрия шаар тургундарды суу камдап алууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: