Алайда уй жүктөлгөн жүк ташуучу унаа оодарылып кетти (видео)
Ош облусунун Алай районунда уй жүктөлгөн жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 10-октябрда Кытай жараны жүк ташуучу унаасына 46 баш уйду жүктөп, "Эркечтам" чек арасынан өткөн. Айдоочу Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунда унааны башкара албай, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 баш уй өлүп, дагы 8 уй жабыркады. Ошондой эле жүк ташуучу унаа материалдык зыянга учурады.
Алайда уйлар жүктөлгөн жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















