Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор жана таштандылар чыгарылды (видео)
Бүгүн, 13-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо учурунда 2 миң метр эски синтетикалык тор жана 20 килограммдан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, тазалоо иштери Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү айылдарынын аймагында жана Дархан - Тосор айылдарынын ортосунда жүргүзүлдү. Эски синтетикалык торлор балыктарга жана башка суу жаныбарларына коркунуч жаратып, көлдүн экосистемине терс таасирин тийгизерин министрлик кошумчалады.
Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор жана таштандылар чыгарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:22
2026-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















