super.kg logo

Мамлекеттик циркти эми Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев башкарат

 

Бүгүн, 13-октябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик цирктин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууда Жапаров мамлекеттик колдоонун аркасында цирк жаңыланып, өнөрпоздорго жана көрүүчүлөргө бардык шарттар түзүлгөнүн, бирок ички пикир келишпестиктер мекеменин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылганын айтты.Ушуга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынып, цирктин директору кызматына Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды.

"Ал Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү жана чыгармачылык чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ",-деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: