super.kg logo

Ракты жеңген кыздын видеосу социалдык тармактарда тарады

 

Талас облусунун Бакай-Ата районунан келген 15 жаштагы кыз рак оорусун жеңип, дарылануусун аяктады. Бул тууралуу Трэдс социалдык тармагынын колдонуучусу баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, кыз медициналык борборго мындан бир жарым жыл мурун оор абалда түшкөн. Ага сейрек кездешүүчү залалдуу шишик - адренокортикалдык карцинома диагнозу коюлган.

Кыз жалпысынан 12 жолу химиотерапия курсунан өткөн. Дарылоонун натыйжасында шишик кыйла кичирейип, дарыгерлер эки операция жасоого мүмкүнчүлүк алышкан.

Дарылануусу аяктаганын билдирген коңгуроону кагып жаткан кыздын видеосу социалдык тармактарга тарады.






Ракты жеңди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: