super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү

 

Кечээ, 19-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында президенттик шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдөгү маселелерди чечүү боюнча республикалык штабдын биринчи жыйыны болуп өттү.

Өкмөттүн маалымат кызматы отурумдун күн тартибинде төрт маселе каралганын маалымдады. Алар:

  • Борбордук шайлоо комиссиясынын – президенттик шайлоого даярдык, календардык план, шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана шайлоо участокторунун даярдыгы.
  • Тышкы иштер министрлигинин – чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун даярдыгы жана чет жакта жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу.
  • Ички иштер министрлигинин – шайлоо өнөктүгүндө жана добуш берүү күнү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу.
  • Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин – шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо, Face ID, манжа издери, техникалык жабдуулар, байланыш жана башка даярдыктар боюнча маалыматтары угулду.

Отурумдун соңунда Адылбек Касымалиев алдыдагы президенттик шайлоо – элдин жана мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү саясий окуя экенин айтып, 2027-жылдын 27-январына дайындалган кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын ишке ашырууга жооптуу бардык жетекчилерге тапшырмаларды дыкат жана өз убагында аткарууну тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: