super.kg logo

Мэрия: Бишкектеги көмүр кампалары кышка даяр 

 

Бишкекте күз-кыш мезгилдерине карата көмүр кампалары иштеп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор каланын 4 районунда тең отундун жетиштүү запасы бар жана баалар туруктуу көзөмөлгө алынганы маалым болду. Сатыкка негизинен "Кара-Кече" жана "Шабыркүл" көмүрлөрү сунушталууда.

Ленин району: Калкты тейлөөгө 12 көмүр базасы даяр. Кампаларда 7 миң тоннага жакын көмүр бар. Бир тоннасынын баасы - 7000 сом.

Биринчи Май району: Аймакта 8 туруктуу соода түйүнү иштеп жатат. Көмүрдүн бир тоннасы 7000 сом, ал эми бир мүшөгү 300 сомдон сатылууда.

Свердлов району: Калкты 9 көмүр базасы камсыздап жатат, алардагы жалпы запас 6084 тоннаны түзөт. "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 7000 сом, "Шабыркүл" көмүрү болсо 7800 сомдон бааланууда.

Октябрь району: Учурда 5 түйүн ачылып, аларда 2349 тонна отун запасы бар. "Кара-Кече" көмүрүнүн тоннасы 7000 сомду түзөт. Жакынкы күндөрү кошумча көлөмдөрдү жеткирүү пландалууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: