super.kg logo
  Саясат  

"20 мүнөттөн бери жооп бербейт". Депутат Энергетика министрлигинин байланыш борбору боюнча айтты (видео)

 

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Дастан Бекешев Энергетика министрлигине караштуу байланыш борборунун иши боюнча маселе козгоду.

Эл өкүлү министрге түз кайрылып, мекеменин 105 кыска номерине чалып байланышуу мүмкүн эмес экенин билдирди.

"Алтынбек Турусбекович, сиздерде 105 деген кыска номер да, туурабы? Мен сиз сүйлөп баштагандан тарта 20 мүнөттөн бери чалып жатам, эч ким жооп бербейт. Кышкысын электр энергиясы өчүрүгөндө жарандар сизге жете албай, бизге чалып башташат. Анан эми ар чалган сайын сизге чалып отурганга бизде да убакыт жок. Эмне үчүн ушул колл-борборду иштетүүгө болбойт? Эмне үчүн өзүңүз барып, баарын текшерип карабайсыз?",- деди Бекешев.

Министр бул маселе текшерилгенин билдирип, бирок парламентте айтылган кемчиликтер эске алынарын кошумчалады.

Мындан сырткары, депутат башка министрликтерде дагы ушундай чалууларды кабыл алуу борборлору бар экенин эскертип, алардын ишин жакшыртууну талап кылды.






Депутат Call - центр жыйырма мүнөттөн бери албайт

Депутат Call - центр жыйырма мүнөттөн бери албайт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: