super.kg logo
  Саясат  

"Чөнтөккө уруп..." Президент жергиликтүү бийликке мурдагы заман жок экенин эскертти (видео)

 

Бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас эли менен болгон жолугушууда, жергиликтүү бийликтин айрым мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жатканын айтты.

Өлкө башчысы аймакты өнүктүрүүгө бөлгөн каражаттын бир бөлүгүн "жеп" алган Кара-Балта менен Токмоктун мурдагы аткаминерлеринин аракеттерин эске салып, жергиликтүү бийликке эскертүү берди.

"Айыл өкмөт, аким, губернатор, эсиңерде болсун. Бюджеттен бөлүнүп берилген акчаны "жасадым" деп жасабай коюп, жеп алган мурунку заманды унуткула. Жаңы болгон айыл өкмөттүкү (ред.: мыйзамсыз иш-аракеттери) да чыгып жатат. Мамлекеттин акчасын уурдабай, сарамжалдуу пайдаланыш керек. Жумушту арзан бүтүрсөң, "аа, калганын чөнтөккө уруп алайын" деп жолду издебей, "мынчасын үнөмдөдүм" деп кайра кайтарып бериш керек", - деди президент.






"Чөнтөккө уруп албагыла". Президент жергиликтүү бийликке мурдагы заман жок экенин эскертти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: