super.kg logo

№27 абакта цех жана бетон түйүнү ишке кирди

 

№27 түзөтүү мекемесинде ширетүүчү цех, эмерек өндүрүшү жана стационардык бетон түйүнү ишке киргизилди.

Жазаларды аткаруу кызматынын 2-ноябрдагы маалыматы боюнча, жаңы өндүрүш объекттери "Келечек" мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде, жеке ишкерлердин колдоосу менен уюштурулган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө №27 мекемеде өндүрүштүн бир нече багыты иш алып барууда. Алардын катарында нан бышыруучу жай, үч ширетүүчү цех, үч тигүү цехи, эмерек цехи жана бетон заводу бар. Өндүрүштүк иштерге тартылган соттолгондордун жалпы саны 500гө жакындады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: