Чүйдө аңчылык эрежелерин бузгандарга айып пул салынды (видео)
Чүйдө аңчылык эрежелерин бузгандарга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, министрликке жарандардан "кыргоолдорду атып жатышат" деген кайрылуулар түшүп, анын негизинде рейд жүргүзүлгөн.
Рейддин жүрүшүндө Төмөнкү Чүй айылынын айланасындагы талааларда аңчылык кылып жүргөн эки жаран аныкталды. Алардын аңчылык жүргүзүүгө мыйзамдуу уруксат документтери бар экени, бирок аңчылыкта итти колдонууга тиешелүү уруксат документи жоктугу белгилүү болду.
Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар кодексине ылайык эки протокол түзүлүп, жарандарга жалпы 25 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Чүйдө аңчылык эрежелерин бузгандарга айып пул салынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















