super.kg logo

Көк-Жардагы 15 кабаттуу үйдүн курулушун бүткөрүү маселеси талкууланды (видео)

 
Курулуш министри Нурдан Орунтаев бүгүн, 3-ноябрда курулушу 2022-жылдан бери бүтпөй жаткан 200 батирлүү турак жай комплексинде жарандар менен жолукту. Объект Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушунун Куйручук көчөсү 197/2 дарегинде жайгашкан.
Мекеменин маалыматына ылайык, 15 кабаттуу турак жай “Эмаком” жана “Ханстрой” ЖЧКлары тарабынан бүгүнкү күнгө чейин толук бүткөрүлбөй келет.
Орунтаев турак жай комплексин толук бүтүрүү үчүн объектти министрликке өткөрүү, инвестор тартуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Министр бул демилге мамлекеттин кандайдыр бир пайда табуусун көздөбөй турганын, негизги максат ар бир үлүш ээсин үйсүз калтырбай, турак жайды пайдаланууга берүү экенин белгиледи.
Үлүш ээлери сунушталган демилгени колдой тургандыктарын билдирип, объектти министрликтин карамагына өткөрүү боюнча макулдуктарын мыйзамда белгиленген тартипте расмий кат жүзүндө билдирип, тиешелүү кайрылуу жолдошорун билдиришти.





Көк-Жардагы 15 кабаттуу үйдүн курулушун бүткөрүү маселеси талкууланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: