Бишкекте үй шартында алкоголдук продукция даярдаган жай аныкталды
Бишкек шаарында үй шартында мыйзамсыз алкоголдук продукция даярдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Салык кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бөтөлкөлөргө куюлган 218 литр алкоголдук продукция жана 224 миң 557 даана жасалма акциздик марка алынды. Аныкталган фактылар боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүргөндөргө 50 миң сом айып пул салуу же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган",- деп белгиленет маалыматта.
Бишкекте үй шартында алкоголдук продукция даярдаган жай аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















