super.kg logo

Кыргызстанда 61,8 миң гектарга күздүк буудай жана арпа себилди

 

Кыргызстанда келерки жылдын түшүмү үчүн 61 миң 825 гектар жерге күздүк дан эгиндери себилди. Бул белгиленген пландын 30,9 пайызын түзөт.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча күздүк дан эгиндерин 200 миң гектар аянтка себүү пландалган.

Учурда анын ичинен 59 миң 520 гектарына күздүк буудай, 2323 гектарына күздүк арпа себилди.

Себилген буудайдын 51 миң 620 гектары жана арпанын 2293 гектары сугат жерлерге туура келет. Ал эми 7600 гектар буудай жана 30 гектар арпа кайрак жерлерге себилген.

Министрлик күздүк себүү иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, белгиленген пландын аткарылышы боюнча иштерди улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: