Өлкөдө КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйүүдө
24-октябрдан 31-октябрга чейин өлкөдө КРВИ жана сасык тумоо менен ооруган 10 миң 432 адам катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ооругандардын саны мурунку жумага салыштырмалуу 6,9 пайызга, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн. Ооругандардын 68,1 пайызынын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
"Лабораториялык мониторингдин жыйынтыгында ооруну пайда кылган вирустардын арасында риновирустар - 47,6 пайызды, парагрипп вирустары - 21,5 пайызды, аденовирустар - 13,8 пайызды, мезгилдик коронавирустар - 10,2 пайызды, бокавирустар - 6,1 пайызды жана респиратордук-синцитиалдык вирус - 0,8 пайызды түзгөндүгү аныкталды",- деп кошумчаланат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















