super.kg logo

Бишкек мэри Гоголь көчөсүндөгү жол оңдоо иштерин текшерди

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Гоголь көчөсүндөгү жол оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.

Мэриянын маалыматына ылайык, Москва көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки тилкеде бордюрлар орнотулуп, шагыл төшөлүп, асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Учурда кудуктарды оңдоо жана аялдамаларды орнотуу иштери даярдалууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр ишкердик объекттер демонтаждалгандан кийин аймактарды тазалоону, №12 мектептин короосун тосууну жана аялдамага жакын жердеги тургундарга ыңгайсыздык жараткан бордюрларды түздөөнү тапшырды.

Ошондой эле №111 жана №113 үйлөрдүн жанындагы чарба жүргүзүүчү объекттердин документтерин текшерип, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу милдеттендирилди.

Мындан тышкары, электр мамыларын оңдоо, №16 жана №20 үйлөрдүн жанындагы темир тосмолорду жана чарбалык курулмаларды алуу, чектеш аймактарды көрктөндүрүү тапшырмалары берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: