Бишкекте майда көмүр саткандарга эскертүү берилди (видео)
Бишкек шаарында майда чачылма көмүрдү сатууга жана пайдаланууга коюлган чектөөлөрдүн сакталышын көзөмөлдөгөн рейддер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы көмүрдүн фракциялык курамын, радиациялык фонун текшерип, көмүр кампаларынын ээлерине мыйзам талаптарын түшүндүрүп, эскертүү баракчаларын тапшырды. Бүгүнкү күнгө чейин ишкерлер арасында 40 жолу түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин өткөн жылы чыккан токтомуна ылайык, жылуулук менен камсыз кылуучу ишканаларга жеткирүү учурларын кошпогондо, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 0-13 милиметр фракциядагы майда чачылма көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган.
Бишкекте майда көмүр саткандарга эскертүү берилди
Бишкекте майда көмүр саткандарга эскертүү берилди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















