Кыргызстан менен Өзбекстан киберкылмыштуулукка каршы тажрыйба алмашты
Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдары санариптештирүү жана киберкоопсуздук багытында кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Жолугушууга Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын өкүлдөрү жана Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Тараптар кылмыш иштерин электрондук форматта жүргүзүү, санариптик далилдер менен иштөө, маалымат базаларын интеграциялоо жана прокурордук көзөмөлдү автоматташтыруу боюнча тажрыйба алмашты.
Ошондой эле интернет-алдамчылыкка каршы күрөшүү, шектүү финансылык операцияларды аныктоо жана бөгөттөө, банктар менен укук коргоо органдарынын кызматташуусу талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:05
2026-11-04
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















