Эрдоган Путин менен сүйлөшүүнү пландап жатат
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жакын арада Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Украинадагы жаңжалды жөнгө салууну талкууламакчы. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бул кадам Анкаранын украин жаңжалын жөнгө салууга багытталган дипломатиялык аракеттердин уландысы. Буга чейин 31-октябрда Стамбулда Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушкан. Бул жолугушууда Зеленский Эрдогандан Путин менен Түркияда жолугушуу уюштуруп берүүнү суранганы маалымдалган.
Учурда түрк тарап Украинадан алган маалыматтарды Владимир Путинге сунуштоого даярданууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















