super.kg logo
  Саясат  

Кош-Дөбөдө 60 жылдан бери иштеп келген мектептин маселеси президентке жетти (видео)

 

Президент Садыр Жапаровдун кечээ, 8-ноябрда Чүй облусуна караштуу Москва районунун тургундары менен жолугушуусунда Кош-Дөбө айылынын тургуну Айида Нуракова айылдагы мектептин абалына көңүл бурууну өтүндү.

"Биз азыр 1961-жылы курулган мектепте билим алып жатабыз. Эч кандай шартыбыз жок. Мектеп 80 пайыз авариялык абалда. Бизде спорт зал да жок",- деди ал.

Садыр Жапаров курулуш министри Нурдан Орунтаевден аталган мектеп жаңы курула турган 111 мектептин тизмесине кирген-кирбегенин сурады. Министр тизмеде жок экенин айтып, мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы билим берүү жана курулуш министрлерине мектептин абалын текшерүүнү тапшырды.

"Эгерде чындап эле абалы начар болсо, жаңы мектеп салып берели",- деди ал.






60 жылдан бери иштеп келген мектептин маселеси президентке жетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: