super.kg logo

Өзбекстанда сууктан улам газ куюучу жайлардын иши чектелиши мүмкүн

 

Өзбекстандын Энергетика министрлиги жакынкы күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөшүнө байланыштуу газ куюучу жайлардын ишине убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.Маалыматка ылайык, 9-11-ноябрь күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Түнкүсүн абанын температурасы -7 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Министрликтин маалыматына караганда, суук мезгилде жаратылыш газы биринчи кезекте калкка, мектептерге, ооруканаларга жана башка социалдык мекемелерге берилет.

Буга байланыштуу зарыл болгон учурда метан жана пропан куюучу жайлардын иштөө убактысы чектелиши мүмкүн. Мындай чектөөлөр киргизилсе, май куюучу жайлардын иш графиги жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашылып, айдоочуларга алдын ала кабар берилет.

Ошондой эле министрлик жарандарды газды жана электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: