Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан тамактануучу жай буздурулууда (видео)
Ош шаарындагы А. Шакиров көчөсүнүн 123-125 даректеринде курулуп жаткан эки кабаттуу кафе жана унаа токтотуучу жай текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейинки текшерүүдө курулуш иштеринде мыйзам талаптарынын бузулушу жана бекитилген долбоордон четтөөлөргө жол берилгендиги аныкталган. Бул боюнча тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү берилген.
Натыйжада кафенин ээси Хасан Хусанов административдик жоопкерчиликке тартылып, 200 миң сом айып пул салынган.
Министрликтен билдиришкендей, 7-ноябрдан тарта кафенин ээси объектти өз ыктыяры менен буздурууда.
Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан тамактануучу жай буздурулууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















