super.kg logo

Кыргызстандын бюджети 10 айда 669,6 миллиард сом киреше тапты

 

Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 2026-жылдын алгачкы 10 айында 669,6 миллиард сомду түздү. Бул белгиленген пландан 17,3 миллиард сомго көп. Киреше планы 102,7 пайызга аткарылганын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.

Президенттик администрациянын берген маалыматына ылайык, Мамлекеттик салык кызматы 288,5 миллиард сом чогултуп, планды 102,7 пайызга аткарды. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын кирешеси 155,6 миллиард сомду түзүп, план 104,1 пайызга аткарылды.

"Кеңешмеде өлкөдөгү ишкердик активдүүлүктүн көрсөткүчтөрү да каралды. 2026-жылдын октябрында Кыргызстандагы ишкердик активдүүлүк индекси 58,7 пунктту түздү. Бул апрель айындагы көрсөткүчтөн 0,6 пунктка жогору. Белгиленгендей, 50 пункттан жогору көрсөткүч ишкердик активдүүлүктүн өсүп жатканын билдирет. Өсүшкө өнөр жай өндүрүшү, курулуш, инвестициялык активдүүлүк жана ички суроо-талаптын жогорулашы түрткү болгон. Салыштыруу үчүн, октябрь айында ишкердик активдүүлүк индекси Орусияда 49,8, Казакстанда 46,4, Германияда 54,2 жана Кытайда 52,1 пунктту түзгөн", - деп белгиленди маалыматта.

Адылбек Касымалиев чакан жана орто бизнести колдоону күчөтүү, жеңилдетилген каржылоону өркүндөтүү жана ишкерлерге болгон административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: