super.kg logo

Бир жумада 10 миңден ашуун учур... Өлкөдө сасык тумоо күчөдү

 

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жума сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 2-8-ноябрь күндөрү республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 10 миң 900 учуру катталган. Бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 4,4 пайызга, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге жогору.

"Ооругандардын жалпы санынын 71,1 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Гриппол+» вакцинасынын 63 миң 734 дозасы сатылып алынып, учурда эмдөө иштери жүрүп жатат",- деп белгиленди маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: