Ала-Арчада каза болгон өспүрүм боюнча текшерүү иштери башталды
Ала-Арча жаратылыш паркындагы Электро чокусунун аймагында каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча текшерүү иштери башталды. Маалыматты Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Маалым болгондой, аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Эскерте кетсек, 2011-жылы туулган өспүрүм 7-ноябрда Ала-Арча жаратылыш паркына чуркоо үчүн барып, Адыгене капчыгайын көздөй кеткен бойдон дайынсыз болгон.
Издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана тик учак тартылган. Бүгүн, 9-ноябрда саат 16:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өспүрүмдүн сөөгү табылганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:33
2026-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















