"Электро" чокусунда денеси табылган Амирди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө (видео)
Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте чокуда тоңуп каза тапты делген өспүрүм Амирди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Анын денеси "Электро" чокусунда таштардын түбүндө табылып, куткаруучулар жөө алып түшүштү. Анын абактагы атасы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакуновго да уулу менен коштошууга уруксат берилген.
Эске салсак, 7-ноябрда эртең менен Амир үйүнөн чыгып, чуркоо боюнча мелдеш өтүп жаткан "Ала-Арча" жаратылыш паркына барган. Бирок жаш курагына байланыштуу мелдешке катышууга уруксат берилбегендиктен, өспүрүм Адыгене капчыгайын көздөй өз алдынча кеткен. Ошол эле күнү кечинде ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине телефон чалып, тоодо адашып калганын билдирген. Андан көп өтпөй аны менен байланыш үзүлгөн.
Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары, тажрыйбалуу альпинисттер жана ыктыярчылар тартылган. Издөө учурунда өспүрүмдүн баштыгы гана табылган. Издөө иштерине тик учак да тартылды
"Электро" чокусунда денеси табылган Амирди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















