Мэрия "Ак жорго" гараж кооперативин өз ыктыяры менен алууга кошумча мөөнөт берди
Бишкектеги "Ак жорго" гараж кооперативинин ээлерине гараждарын өз ыктыяры менен көчүрүп алуу үчүн 2027-жылдын 1-мартына чейин кошумча убакыт берилди. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, гараждар жайгашкан 2,183 гектар муниципалдык жер тилкесинде мектеп жана көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда.
"Жер тилкеси инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн 25 жылга убактылуу пайдаланууга берилген. Курулуш аяктагандан кийин объект муниципалдык менчикке өткөрүлөт. Эгер белгиленген үч жыл ичинде курулуш бүтпөсө, жер тилкеси шаарга кайтарылат", - деп белгиледи мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:33
2026-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















