Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу аяктоого жакындады (видео)
Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай баатыр жол тилкесинде курулуш иштеринин 91 пайызы аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 79,2 чакырым жолго эки катмар асфальт төшөлүп, борбордук тосмо орнотулду. Ошондой эле 14 көпүрө жана эки жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү курулуп бүттү.
Негизги жолдогу 235 суу өткөрүүчү түтүк толук орнотулду. Кошумча тилкелер, аялдамалар, тротуарлар жана велосипед жолдору үчүн каралган 654 түтүктүн 486сы коюлду.
Мындан тышкары, 68,82 чакырым велосипед жолуна жана 21,85 чакырым тротуарга асфальт төшөлдү.
Учурда жол чийиндерин түшүрүү, белгилерди орнотуу жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, жол 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Долбоордо аны төрт тилкеге кеңейтүү каралган.
Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу аяктоого жакындады
0

Супер-Инфо
super.kg видео















