15 жаштагы Амирдин эжеси: "Баарыбыз өзүбүздү күнөөлөп жатабыз" (видео)
Бүгүн, 10-ноябрда Ала-Арча жаратылыш паркында тоодо калып, каза болгон 15 жаштагы Амирдин денеси жерге берилди. Маркумдун эжеси кыргыз элине кайрылып, издөө учурунда жардам берген жарандарга ыраазычылык билдирип, Амир жөнүндө маалымат берди.
Эжесинин айтымында, Амир үй-бүлөсүнүн сүйүктүү баласы болчу. Ошол күнү апасы уруксат бербегендиктен, байкесинен уруксат сурап, бат эле келем деп кеткен. Ал эми тоонун чокусуна чыгарын жакындары билген эмес.
"Ошол күнү саат 18:00 чамасында классташына чалып, "адашып кеттим ӨКМге чалсам албай жатат" деп айткан экен. Андан кийин саат 19:30да альпинисттердин тайпасына "Ала-Арчада болсоңор чогуу кетели" деп жазган. Ал акырына чейин ылдый түшөм деп үмүттөнгөн. Негизи, үйдө тоого арналган атайын жабдыктары бар. Мүмкүн, ошол жабдыктарды алып кеткенде баары башкача болмок беле... Кеч аракет кылып калганыбызга баарыбыз өзүбүздү күнөөлөп отурабыз. Азыр байкеси үйдө өзүн өзү күнөөлөп, жаман абалда отурат" , - деп билдирди маркумдун эжеси.
Ошондой эле маалымат тарагандан кийин кайдыгер карабай, жардамга келген мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.
"Мен кыргыз элине рахмат айтам, анткени биз маалымат берерибиз менен эки саат ичинде алар чогулушуп, бизге жардам беришти, тамак-аш, суу жадагалса замбилдерге чейин алып келишти",- деп айтты ал.
Эске салсак, Амир 7-ноябрда Ала-Арча капчыгайында адашып кеткенин билдирип, куткаруучулардан жардам сураган. Аны издөө иштери 2 күнгө созулуп, 9-ноябрда саат 16:00 чамасында Электро чокусунун жанынан жансыз денеси табылган.
15 жаштагы Амирдин эжеси: Баарыбыз өзүбүздү күнөөлөп жатабыз (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео















