super.kg logo

Чүйдө тойдо автоээнбаштык жасаган айдоочуларга 15 миң сомдон айып пул салынды

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда той учурунда автоээнбаштык жасаган айдоочулар аныкталып, аларга 15 миң сомдон айып пул салынды. Унаалары айып короого киргизилди.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда тойдо айдоочулар автоээнбаштык жасап жаткан видео тараган.

Бул факты боюнча Чүй ОИИББдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочулар аныкталган.

Учурда автоээнбаштыкка катышкан башка айдоочуларды аныктоо иштери жүрүп жатат. Аларга да мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Милиция жарандарды жол эрежесин бузуу жана башка укук бузууларга күбө болсо, 102 номерине же WhatsApp аркылуу 0777 102-102 номерине кабарлоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: